Вторник, 24 сентября

Эрдоган Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

Түркия республикасынын президентинин басма сөз борборунан берилген  жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Эрдоган 55 жашын белгилеген Жапаровго жолдогон куттуктоосунда жакшылык, ден соолук жана бакыт,  дос жана боордош Кыргызстан элине  бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Эрдоган Кыргызстан менен боордош элдердин орток тарыхы жана маданий тегине негизделген терең жана көп кырдуу мамилелердин  бекемделишине болгон ыраазычылыгын билдирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын маанисине токтолгон Эрдоган: «Стратегиялык кызматташуубуздун эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда болгондой аймактык деңгээлде тереңдей тургандыгына ишенем», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз