Вторник, 24 сентября

Бишкекте «Мурас» футболдук турнири өтүүдө

0

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги «Мурас» футболдук турнири өтүүдө.

Мелдешке 16 команда катышууда. Оюн 8-9-декабрь күндөрү өтөт.

Президент турнирдин башында куттуктоо сөзүн сүйлөп, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Командалар төрт тайпага бөлүнгөн, оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром — балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.

Оюндар УТРКнын жана ЭлТРдин түз эфиринен көрсөтүлүүдө.

Иш-чара Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз