АКШда «Вашингтон пост» гезитинин кызматкерлери 1970-жылдардан бери биринчи жолу иш таштоону чечишти.
Баш калаа Вашингтондо жайгашкан гезиттин 700 кызматкери, ага караштуу профсоюздар тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык келишимдик сүйлөшүүлөрдүн токтотулушуна жана күтүлүп жаткан кыскартууларга каршылык көрсөтүү үчүн 24 сааттык иш таштоого чыгышты.
Post Guild профсоюзу, гезиттин жетекчилиги менен 18 айдан бери келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын, бирок жетекчилик «ак ниеттүүлүк менен соодалашуудан баш тартып», сүйлөшүүлөрдү токтоткондугун билдирди.
Профсоюздун жетекчилери, басма сөз мекемелеринде 1970-жылдардан бери биринчи жолу иш таштоо болуп жаткандыгын, акыркы кезде газетанын жазылуучуларынын санында азаюу катталганын баса белгилешти.
Өлкөнүн басма сөзүндө, Amazonдун негиздөөчүсү Жефф Безоска таандык Washington Post гезитинин жазылуучуларынын саны 2020-жылы 3 миллионго жакын болсо, быйыл болжол менен 2,5 миллионго кыскарганы кабарланды.
Гезиттин убактылуу башкы директору Пэтти Стоунсифер октябрь айында каржылык кыйынчылыктарды шылтоолоп, 240 адамдын жумуштан бошотулганын билдирген.