Суббота, 27 апреля

Байрактар ​​TB3 аппаратынын сыноолору уланууда (Видео)

0

Байрактар ​​TB3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттын (SİHA) 11-учуу сыноосу ийгиликтүү аяктады.

Түркиянын Байкар Башкармалыгынын билдирүүсүндө, Байрактар ​​TB3 SİHAнын системанын иштеши тестинин алкагында 6 саат абада калганын жана 11-учушун ийгиликтүү аяктаганын жарыялады.

Байрактар ​​TB3 SİHA бүктөлүүчү канаты менен TCG Anadolu сыяктуу кыска учуу тилкелүү кемелерден учуп-конуу жөндөмүнө ээ дүйнөдөгү биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппарат болот.

Мурдараак Байкар фирмасы, ​​2024-жылы TCG Anadolu кемесинде Байрактар ​​TB3 үчүн сыноолорду баштоону пландагандарын жарыялаган.

Байрактар ​​TB3 ээ боло турган мүмкүнчүлүктөр бул үлгүдөгү учкучсуз учуучу аппараттар үчүн маанилүү жаңычылдык болот.

Көрүү линиясынан тышкаркы байланыш мүмкүнчүлүгүнө да ээ боло турган улуттук SİHA, мунун негизинде өтө алыс аралыктан башкарууга болот. Ушундайча чалгындоо-көзөмөлдөө жана алып жүргөн акылдуу ок-дарылары менен чабуул миссияларын деңиздеги буталарга каршы аткарып, Түркиянын сестентүүчү күчүн көбөйтүүчү таасирге ээ болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз