Четверг, 9 мая

ИИМ Афтандил Жоробековду кармап, сот аны эки айга камады

0

Массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасоого шектелген жаран кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 7-декабрында социалдык тармактарда “B***KG” баракчасы аркылуу республикада коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана массалык баш аламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган баракчанын ээси, эч жерде иштебеген – А. Ж. аттуу жаран, (Афтандил Жоробеков) кармалды.

Тинтүү иш-чараларынын жыйнтыгында алынган техникалык каражаттар булар:

  • 4 уюлдук телефон;
  • Sony үлгүсүндөгү 1 фотоаппарат;
  • 16 Lenovo, Dell жана башка үлгүсүндөгү ноутбуктар;
  • 15 MacBook үлгүсүндөгү нотбук;
  • 3 флеш-карта;
  • 1 Apple үлгүсүндөгү моноблок (компьютер);
  • 13 адаптер;
  • 3 планшет;
  • сырткы маалыматтарды сактоо дисктер;

Жалпысынан, шектүүгө таандык болгон техникалык каражаттарынын орточо баасы 3 млн сомдон ашык сумманы түздү.

«Ыкчам маалыматка ылайык, шектүү А.Ж. көптөгөн техникалык каражаттарды Temirov Life жана башка чет өлкөдөн каржыланган блогерлер менен биргеликте колдонуп, коомдун оюн терс жакка бурмалоо жана республикадагы кырдаалды туруксуздаштыруу максатында уюштурган», — деп айтылат ИИМдин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү катары кармалган Афтандил Жоробеков эки айга тергөө абагына камакка алынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз