Пятница, 17 мая

Молдовада парламент таратылды

0

Молдованын президентинин милдетин аткаруучу Павел Филип парламентти тарткатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоону 6-сентябрга белгиледи.

Филип мындай чечим кабыл алганын 9-июнда билдирди. Буга чейин Конституциялык сот орусиячыл президент Игорь Додонду убактылуу кызматынан четтетип, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Филипти өлкө башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Додон АКШ жана Евробиримдик менен кызматташууну жактаган Филип жана анын өкмөтү менен мунаса таба албай келген.

8-июнда баш калаа Кишиневдун көчөлөрүнө жүздөгөн кишилер Додонго каршы акция чыгышып, Конституциялык соттун чечимин колдой турганын билдиришти. Ошол эле күнү Социалисттик партия жана ACUM деп аталган европачыл блок саясий кызматташтык тууралуу келишимге кол коюп, жаңы өкмөттүн курамын бекитишти.

ACUM кыймылынын тең төрайымы Майя Санду премьер-министрликке дайындалды.

Бирок Конситуциялык сот бул чечимдерди мыйзамсыз деп тааныды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз