Пятница, 22 ноября

ЕБ өлкөлөрү Иранды сындай турган абалда эмес

0

Бул тууралуу Иран ТИМнин жетекчиси Мохаммад Жавад Зариф айтты.

ЕБ өлкөлөрү Иранды сындай турган абалда эмес, анын ичинде ядролук келишимге тиешеси жок маселелер боюнча деди Иран ТИМнин жетекчиси Мохаммад Жавад Зариф Тегерандагы жеке менчик ЖОЖдордун биринин студенттери менен жолугушууда.

Зариф Ирандын ядролук программасы боюнча келишимге катышкан   европалык өлкөлөр Тегеран менен экономикалык байланыштарды калыбына келтирүү милдетин алышкан.

«ЕБ өлкөлөрүИранды сындабай, Тегеран менен байланыш канчалык калыбына келтирилгендиги тууралуу суроого жооп берүүгө тийиш», — деп эсептейт ИИР ТИМнин жетекчиси.

Иран дипломатиясынын башчысынын айтуусунда, АКШнын саясаты бир гана Иранга эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө каршы багытталган.

«Көйгөйдү чечүүнүн жалгыз ыкмасы – экономикалык согушту токтотуу жана Тегерандын бул көз карашы биз тарабынан баардык деңгээлде жайылтылат», — деп убада кылды Зариф.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз