«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкектин жолдорун кардан тазалоо иштерин улантууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы үч күндө жолдорго 501 тонна туз чачылды, анын 74 тоннасы тротуарларга себилген.
«Көчөлөргө 39 атайын техника — МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында 1 кум чачуучу унаа, 2 фронталдык жүктөгүч, 4 щетка жана күрөк менен Беларусь трактору, 5 «УКМ-2500″ универсалдуу коммуналдык унаа чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Аялдамалардан жана тротуарлардан карды тазалоого 649 тазалоочу, 116 жүктөөчү унаалар менен чыкты.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардыктарды жол коопсуздугун сактоодо этият болууга жана кызматташууга чакырат.
