Среда, 29 апреля

Израиль армиясы Газадагы кагылышууда өзүнүн 20 аскерин өлтүрүп алган

0

Израиль армиясынын Газада 27-октябрдан бери 20 аскерин адашып өлтүрүп алганы айтылды.

Израиль армиясынын радиосу аскерий булактарга таянып берген кабарында, Газадагы кагылышууда 20 израилдик аскердин кокустуктан каза болгондугу маалымдалды.

Кабарда 13 аскердин палестиналык каршылык көрсөтүүчү деп ойлошуп жаңылыштык менен өлтүрүлгөнү айтылды.

2 аскердин болсо танктын астында калып, 2 аскердин танктан атылган октон, 2 аскерге сыныктар тийип жана 1 аскердин да Израиль күчтөрү тарабынан туш келди атылган октон каза болгондугу билдирилди.

Израил армиясы 7-октябрдан бери каза болгон аскерлеринин санынын 105и Газа тилкесиндеги кагылышууларда жалпы 434кө жеткенин жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз