Азербайжан 2 аскердин ордуна 32 армян аскерин кое берди.
Азербайжандын туткундар, дайынсыз жоголгон жана барымтадагы жарандардан жооптуу мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө, Азербайжан менен Армениянын ортосунда туткундагы аскер кызматкерлеринин эки тараптуу түрдө тапшырылышынын ишке ашканы белгиленди.
Билдирүүдө эки өлкөнүн чек арасындагы Газах аймагында 32 армян аскеринин өлкө жетекчилерине өткөрүлүп берилгени, Армениянын да 2 Азербайжан аскерин тапшырганы кабарланды.
Азербайжан тараптагы армян аскерлеринин ден соолугунун абалы Эл аралык Кызыл Крест комитети тарабынан текшерилип абалы канааттандырарлык деп ырасталгандан кийин бошотулганы, тапшыруу процессинде эч кандай окуя болбогону маалымдалды.
Азербайжан Президенттиги менен Армениянын премьер-министрлигинин 7-декабрдагы биргелешкен билдирүүсүндө, Баку менен Еревандын ортосунда өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосундагы ишенимди бекемдөө үчүн маанилүү кадамдарды таштоо боюнча макулдашууга жетишилген.
Бакунун жакшы ниеттин белгиси катары 32 армян аскерин, Еревандын болсо 2 Азербайжан аскерин бошотуу чечимине келгени билдирилген.
