Кытайда өлкөнүн түндүгүнө таасир эткен суук толкун жана кардан улам миңдеген ички жана эл аралык каттамдар токтотулду.
Caixinдин учуу көрсөткүч кызматтарын камсыздоочу Flight Masterден берген маалыматына караганда, кечээ өлкө боюнча пландалган 16 миң каттамдын 4 миң 333ү токтотулду.
Аба ырайынын начардыгынан 4 миң 191 ички каттам жана 142 эл аралык каттам аткарылган жок.
Бүгүн болсо 1239 ички жана 39 эл аралык каттамдын токтотулганы белгиленди.
Кытайдын метеорология башкармалыгы, өлкөнү каптаган суук толкундан улам «кызгылт сары» эскертүүсүн берди.
