Среда, 9 сентября

Дагы кар жаайбы? Маалымат

0

Кыргызстандын аймагында бүгүн кар жаабайт. Бул тууралуу синоптиктер билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9, Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7, Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7 градус Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2 градус болт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз 7…9 градус болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз