Среда, 9 сентября

Өзбекстанда бюджеттик каражатка жаңы жылды майрамдоого тыюу салынды

0

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов мамлекеттик органдарга бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салды.

Маалыматты Gazeta.uz сайтына өзбек өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Бекзод Хидоятов тастыктады.

Премьер-министр бардык мамлекеттик уюмдарга, ишканаларга, мамлекеттик үлүшү бар банктарга, ошондой эле администрацияларга бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен корпоративдерди уюштурууга, майрамдык дасторкон жайууга жана салют атууга тыюу салды.

Ошол эле учурда жетекчиликке жана кызматкерлерге өз каражаттарынын эсебинен майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынбайт.

Өзбекстандын өкмөт башчы былтыр да бюджеттин эсебинен майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз