Среда, 9 сентября

ӨКМ чукул билдирүү таратты

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Синоптиктердин айтымына караганда, 23-24-декабрь күндөрү жаан чачын катуу жаап, шамал болушу ыктымал. Ага байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Тактап айтканда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу жогору.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз