Среда, 9 сентября

Рекорд болчудай. Жыл аягына чейин 96 мектеп ачылат

0

Кыргызстанда жыл ичинде 96-мектеп ачылууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана тапшырмасы менен өлкө боюнча салынып жаткан 100 мектептин 96-сынын бүтүшүнө саналуу күндөр калды.

“Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Каныбек Осмоналиев атындагы N 109 мектептин заманбап имараты салынып бүтөрүнө саналуу күн калды. Мектептин эски имараты 70 орундуу болсо, жаңы имараты 220 орундуу. Окуу класстары заманбап жогорку технологиялары менен жабдылган”, — деп айтылат маалыматта.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана орун басары Талант Иманакун уулу жеринен инспекция жүргүзүп жүрүшөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз