Среда, 9 сентября

Дүйнө жүзү боюнча Израилдин Газадагы кыргынына нааразылык митингдери өттү

0

Дүйнө жүзү боюнча миңдеген адамдар Израилдин Газадагы кыргынына нааразылык билдирип кайрадан көчөгө чыгышты.

Канаданын Торонто шаарындагы соода борборунун алдына чогулган демонстранттар Газада өлтүрүлгөн миңдеген адамдын үнүн бүткүл дүйнөгө угузуу үчүн чогулушту.

Палестинанын желектерин көтөргөн демонстранттар «Сиз соода кылып жатканда Газага бомбалар түшүп жатат» деген ураандарды кыйкырышты.

Израилдин Газадагы кыргындарына Түндүк Кипр Түрк Республикасы да реакция кылды.

Гүзелюртта Палестинаны колдоо жүрүштөрү болуп, Израилдин кол салууларына каршылык көрсөтүлдү.

Англияда саламаттыкты сактоо кызматкерлери Израилдин кол салууларында каза болгон газалыктарды эскерүү иш-чарасын уюштурушту.

Иш-чарада Израиль менен Хамастын ортосунда туруктуу ок атышпоо талап кылынды.

Нидерландиянын борбор шаары Амстердамда да демонстранттар Палестинага колдоо көрсөтүштү.

Израилдин Газадагы кол салууларына каршы чыккан демонстранттар колдорунда Палестинанын желектери менен Дам аянтын көздөй басышты.

Тунисте аялдар Израилдин кол салууларында өлтүрүлгөн балдарга көңүл буруу үчүн көчөгө чыгышты.

Демонстранттар колдорунда өлтүрүлгөн балдардын сүрөттөрү менен Израилдин ырайымсыздыгын дагы бир жолу ачыкка чыгарышты.

Мароккодо да миңдеген адамдар Газаны колдоо үчүн жүрүшкө чыгышты.

Баш калаа Рабатта чогулган демонстранттар Газада өлтүрүлгөн палестиналыктардын фотосүрөттөрүн көтөрүп жүрүштү.

7-октябрдан бери Израилдин Газага кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 20 миң 424кө жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз