Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-декабрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +2…+7, Талас облусунда +1…+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4…+9 градус жылуу болсо, Нарында 0…-5 градуска чейин суук болору күтүлүүдө. Ал эми борбор калаада күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы +3…+5, Ош шаарында +6…+8 градус жылуу болот.
