Сурхандарыя облусундагы магистралдык газ куурунда авария болуп, анын кесепетинен аймактын көпчүлүк тургундары көгүлтүр отунсуз калышты.
28-декабрда «Музработ-Душанбе» магистралдык газ куурунда авария болгон.
Буга байланыштуу саат 06:30дан тарта облустун 9 шаарында жана райондорунда, анын ичинде Сурхандарья облусунун административдик борбору – Термез шаарында керектөөчүлөргө жаратылыш газын берүү токтотулду.
Жергиликтүү бийлик тургундардын үйлөрүнө жаратылыш газы оңдоо иштери аяктагандан кийин бериле баштарын билдирди. Кырсыктын себептери тактала элек.