Суббота, 27 апреля

Дүйнөдөгү эң чоң стакандан чай ичтиңиз беле? (Фото)

0

Түркия дегенде эле ичке стаканга куюлган түрк чайы, анан да ал чайдан ууртап коюп баарлашып отурган түрктөр эске келет эмеспи. Чындыгында чай түрктөрдүн тамак-аш маданиятында чоң оорунга ээ. Бекеринен түрктөр чай ичүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турбайт.

Түркиянын ар кайсыл аймагында чай өндүргөн ишканалар бар. Бирок чайдын “мекени” болуп өлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан Ризе аймагы эсептелет.

Ризе провинциясынын аймагы чайдын өсүүсүнө аябай ыңгайлуу. Жылдын көпчүлүк мезгилинде жаан жаап, нымдуулук жетишүү деңгээлде. Шаар субтропикалык климатка ээ.

Ризе шаары болсо, айтылуу Кара Деңиздин жээгинде жайгашкан. Бул шаар да бай тарыхка ээ. Бирок шаардын атагын алыска дал ушул чай плантациялары жана өндүрүлгөн чайлар чыгарып келет.

Ризеде чайдын көптөгөн түрлөрү өндүрүлөт жана Ризенин чайлары табигый болгондугун менен атаандаштарын артка таштайт. Чай өндүрүүдө илгертен бери калыптанып калган методдор колдонулат. Чай өндүрүү технологиясы күндөн күнгө өсүүдө, бирок салттуу ыкмалар менен да чай өндүрүү улантылууда.

Башта айтылгандай чай түрктөрдүн тамак-аш маданиятында өзгөчө мааниге ээ болгондугуна байланыштуу Ризе аймагы чай туристтерин да өзүнө тартат. Ризе муниципалитети өздөрү өндүргөн чайды даңазалоо максатында шаардын так ортосуна чайдын стаканынын эстелигин, тагыраагы чайдын стаканына окшош имаратты тургузган. Сегиз кабаттан турган бул имарат жалгыз эле түрк чайын эле эмес, Ризенин да атын алыска угузуп келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз