Четверг, 9 мая

Гутерреш: 2023-жыл зомбулуктун жылы болду

0

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш 2023-жылдын зомбулук жана кыйынчылык менен өткөндүгүн белгилеп: «Адамзат кыйынчылык тартууда», — деди. Гутерреш жаңы жыл үчүн видео билдирүү жарыялады.

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу дүйнөнүн коркунучта экенин жана 2023-жылдын эң ысык жыл болгонун эске салган Гутерреш ошол эле учурда адамдардын жакырчылык жана ачарчылыктан жапа чегип жатканын белгиледи.

Антонио Гутерреш эч кимди күнөөлөөнүн же бутага алуунун эч кандай пайдасы жок экенин белгилеп : «Адамзаттык биримдик ичинде кыймыл кылса күчтүү болот. 2024 – жыл ишенимди жана үмүттү кайра алып келе турган жыл болушу керек»,- деди.

Айырмачылыктарды жеңүү менен чечим табуу зарылдыгын белгилеген Гутерреш өзгөчө климат, экономика жана дискриминация менен күрөшүү сыяктуу тармактарда чара көрүүнүн маанисине көңүлдөрдү бурду.

«2023 -жыл зомбулук, климаттык хаос болгон жыл болду»,- деген Гутерреш БУУнун тынчтык, улантууга боло турган өнүгүү жана адам укуктары үчүн аракет кылууну уланта тургандыгын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз