Воскресенье, 24 ноября

«Ала-Тоо» аянты жабылды

0

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты кечээ 15:00дөн тарта жабылды. Мындай чара жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Аянт 2024-жылдын 1-январынын таңына чейин жабык болот.

Унаа кыймылы Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин токтотулат.

Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул милиция башкармалыгынын 105 кызматкери жеринде нөөмөттө болот.

Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктайт жана көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз