Уюм кантип түзүлгөн, өнүгүү жолу кандай болгон, ШКУнун катарын толуктоо келечиги кандай – бул суроолорго төмөндөгү макалада токтолобуз.
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) – курамына Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирген аймактык эл аралык бирикме. 2004-жылдан тартып ШКУ БУУнун Башкы ассемблеясында байкоочу болуп саналат. Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлүүсүнүн тарыхы, бирикмеге мүчө мамлекеттердин өз ара кызматташтыгы жана ШКУнун өнүгүү келечеги – Kyrgyznews агенттигинин материалында.
ШКУ кантип түзүлгөн?
- Уюмга мүчө-мамлекеттердин интенсивдүү дилогу мындан жыйырма жыл мурда башталган. 1996-жылы Шанхайда беш мамлекеттердин – Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жетекчилеринин биринчи жолугушуусу болгон. Саммиттин катышуучулары чек ара райондорунда аскердик тармак боюнча ишенимди чыңдоо тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Бул документтин негизинде “Шанхай бешилтиги” деп аталган саясый бирикме пайда болгон. Бул уюмдун башкы максаты мурдагы советтик республикалар жана Кытайдын чек арасында туруктуулукту камсыз кылуу болгон.
- 1997-жылы дагы бир макулдашууга – чек ара райондорунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу боюнча келишимге кол коюлган. Ал документ Азия – Тынч океан аймагында аскердик чыңалууну басаңдаткан жолдогу алгачкы реалдуу кадам болуп саналат.
- “Шанхай бешилтигинин” мамлекет башчыларынын үчүнчү жолугушуусу 1998-жылы болуп, тышкы иштер министрлеринин Казакстандын Азияда өз ара кызматташуу жана чаралар тууралуу жыйын өткөрүү боюнча сунушун колдогон жыйынтыктоочу биргелешкен билдирүүсүнө кол коюу менен аяктаган.
- Бирикменин стратегиялык өнөктөштүгү тууралуу башкы багытын аныктаган декларацияга 1999-жылы кол коюлган. “Шанхай бешилтигинин” лидерлеринин жолугушуусунда трансчегаралык кылмыштуулук, маңзат соодасы жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү темасы талкууланган. Өзгөчө көңүл Улуу жибек жолун кайра калыбына келтирүү маселелерине бурулган.
- Ийгиликтүү кызматташуу “бешилтик” өлкөлөрүнө трансчегаралык кызматташтык алкагынан чыгууга жол ачты. 2000-жылы “Шанхай бешилтиги” Шанхай форуму болуп өзгөрүлүп, саммитке байкоочу катары Өзбекстан катышкан.
2001-жылы, “бешиликке” Өзбекстан кошулгандан кийин эми алты мамлекеттердин жетекчилери Шанхай кызматташтык уюмун түзүү тууралуу Декларацияга кол коюшкан. Уюмдун максаты катары Борбор Азияда кырдаалды турукташтыруу, мүчө-мамлекеттердин ортосунда достук менен кошуналык бир туугандыкты чыңдоо, саясый, экономикалык, илимий жана башка чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү аталды. Жолугушуунун жыйынтыгында ШКУнун мүчө-мамлекеттери террорчулук, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу Шанхай конвенциясына кол коюшуп, борбору Бишкекте жайгашкан аймактык антитеррордук уюмду түзүүнү макулдашышты.
- ШКУ Хартиясына ылайык, альянстын максаты аймактагы туруктуулук жана коопсуздук, ошондой эле террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, энергетикалык өнөктөштүк, илимий жана маданий өзара кызматташтык болуп саналат. Артыкчылыктуу багыттар – транспорттук инфраструктураны, энергетика, телекоммуникация, мунайгаз чөйрөсү, айыл чарбасы, суу ресурстарын колдонуу жана башкалар болуп эсептелет.
ШКУ андан ары кандай өнүккөн?
- ШКУнун уюм катары катталышы 2002-жылы аяктаган. Мамлекет башчыларынын Санкт-Петербургдагы жолугушуусунда мамлекет башчыларынын – ШКУ мүчөлөрүнүн жана ШКУ Хартиясынын Декларациясына кол коюлган, ШКУнун Аймактык антитеррордук структурасын түзүү боюнча макулдашууга жетишилген.
- ШКУ үчүн маанилүү кадам 2005-жылы мамлекет башчыларынын Кеңеши болгон: анда үч азиялык ири державалар – Индия, Иран жана Пакистанга байкоочу статусун берүү чечими кабыл алынган. Андан мурда, 2004-жылы мындай статус Монголияга берилген. Уюмдун эл аралык салмагын принципиалдуу түрдө жогорулаткан географиялык кеңейүүсү болду.
- 2007-жылы ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда узак мөөнөтүү кошуналык, достук жана кызматташтык Келишимге кол коюлган.
- 2009-жылы Шри-Ланка жана Беларуска диалог боюнча өнөктөш статусун берүү чечими кабыл алынган.
- 2012-жылы ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери узак мөөнөтүү тынчтык жана биргелешип өнүгүү аймагын куруу боюнча Декларациясын кабыл алышкан. Ушул эле жылы ШКУда байкоочу статусун Афганистан алып, диалог боюнча өнөктөш Түркия болду.
- 2014-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна Индия жана Пакистан мүчөлүккө расмий түрдө арыз беришти.
- 2015-жылы ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери Индия жана Пакистанды уюмдун мүчөлүгүнө кабыл алуу жол-жобосу башталгандыгы тууралуу чечимди бекитишти, ошондой эле Беларуска ШКУда байкоочу статусун берүү, диалог боюнча өнөктөш статусун Азербайжан, Армения, Камбоджа жана Непалга берүү боюнча чечимге кол коюлду. ШКУнун толук уктуу мүчөлүгүнө Иран жана Афганистан талапкер болууда.
ШКУ дүйнөнүн геосаясый картасында кандай көрүнөт?
- ШКУнун аймагы байкоочу-өлкөлөрдү кошкондо Атлантикадан Тынч океанга жана Түндүк Муз океанынан Индия океанына чейинки аймакты камтып, Евразия материгинин 61% аянтын ээлейт.
- Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 2014-жылы жер жүзүндөгү калктын саны 7,26 млрд. адамга жетти. ШКУга мүчө- мамлекеттердин калкы 2014-жылы 1,57 млрдды түзгөн, өрдү кошкондо — 3,17 млрд адам.
- Ички дүң продукт (азыркы баалар менен алганда) ШКУга мүчө-мамлекеттерде 2014-жылы $12,5 трлн.го же жалпы дүйнөлүк көрсөткүчтүн 16,03%ын түзгөн (салыштыруу үчүн АКШда – $17,42 трлн, ЕБде – $18,47 трлн).
- 2014-жылы сатып алуу мүмкүнчүлүгү боюнча дүйнөлүк ИДП $108,7 трлн. түзгөн. Ушул эле мезгилде ШКУ өлкөлөрүнүн ИДПсы жалпы дүйнөлүк эсепте – $22 трлн, же 20,24%ды түзгөн.
ШКУ алкагындагы өз ара кызматташтык кандай ишке ашырылат?
- Шанхай кызматташтык уюмунун жогорку органы – мамлекет башчыларынын кеңеши; лидерлердин саммити жылына бир ирет өткөрүлөт. ШКУнун өкмөт башчылар Кеңеши жыл сайын айрыкча экономикалык ич ара кызматташтык маселелерин карайт. Уюмдун алкагында тышкы иштер министрлер Кеңеши, министрликтер жана ведомстволор Жыйыны, улуттук координаторлор Кеңеши түзүлгөн.
- ШКУнун эки туруктуу иштеген органы – Пекиндеги Катчылык жана Ташкенттеги Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитети.
- 2006-жылы ШКУнун Форуму – уюмдун кызматташтыгы жана илимий колдоо, актуалдуу маселелер боюнча, ШКУнун ишмердүүлүгү жана принциптерин түшүндүрүү максатында түзүлгөн коомдук консултациялык-эксперттик органы калыптанган.
- ШКУнун ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты гуманитардык кызматташтык болуп саналат. 2007-жылы Россия тармактык принцип боюнча негизделген университет түзүүнү сунуштаган. ШКУнун тармактык Университетин (уюмдун мүчө-мамлекеттеринин университеттеринин өз ара кызматташуу системасы) түзүү 2008-жылы кабыл алынган. Бул Университет 2010-жылы иштей баштаган жана курамына Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын 80ден ашык университеттерин камтыйт. Адистер магистратуранын 7 багыттары боюнча, анын ичинде аймак таануу, экология, энергетика, IT-технология, нанотехнология, педагогика жана экология.
- 2015-жылы Москвада ШКУга мүчө — мамлекеттердин Жаш адамынын эл аралык картасын (SCO YouthCard) түзүү боюнча демилгенин бет ачаары болду. Карта жаштар үчүн гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам берген, ШКУ өлкөлөрүнүн маданияты жана тарыхын үйрөткөн өзүнчө социалдык пакет болууга тийиш.
ШКУнун алкагында экономикалык кызматташтык ишке ашырылууда?
- ШКУга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын биринчи жолугушуусу 2001-жылы болгон. Бул жолугушууда аймактык экономикалык кызматташтыктын багыттары жана соода, инвестиция тармактарында жагымдуу шарттардын башталгандыгы боюнча негизги максаттардын Меморандумуна кол коюлган. Өз ара кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары мунайгаз тармагын, транспорт инфраструктурасын биргелешип өнүктүрүү, товар, капитал, кызмат көрсөтүү жана технологиянын эркин жүгүртүлүүсүнө шарттарды түзүү болуп саналган.
- 2003-жылы Пекинде ШКУ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгында 2020-жылга чейинки уюмдун алкагында узак мөөнөтүү камтыган жалпы экономикалык аймакты түзүүнү көздөгөн программа кабыл алынган. Кыска мезгилде товар жүгүртүүнү жогорулатуу, ал эми узак мөөнөттө – эркин соода аймагын түзүү белгиленген. Документте негизги кызматташтыктын багыттары катары энергетика, транспорт, айыл чарбасы, телекоммуникация, айлана чөйрөнү коргоо жана башкалар белгиленген. Ишке ашыруу программасына 2004-жылы кол коюлган.
- ШКУнун артыкчылыктуу бир багыты – каржы чөйрөсүндөгү кызматташтык. Биргелешкен долбоорлорду каржылоо механизмдеринин жоктугу узак убакыт уюмдун андан ары өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ШКУнун алкагында өнүгүү банкы жана өнүгүү Фонду (атайын эсеп) түзүлүүдө. Мүчө-өлкөлөрдүн өнүгүү Банкын түзүү демилгеси менен 2010-жылы Кытай чыккан. Банк эл аралык инфраструктуралык долбоорлорду жана сырткы соода операцияларын каржылоого багытталган. ШКУнун өнүгүү Фондун түзүүнү 2013-жылы Россиянын президенти Владимир Путин сунуштаган. 2015-жылы ШКУ өлкөлөрүнүн Банктар аралык бирикмесинин базасында Эл аралык каржылык долбоорлоо борборун түзүү сунушталган.
- 2013-жылы Россиянын демилгеси менен түзүлгөн ШКУнун Энегетикалык клубу өз ишин баштады. Бул уюмду түзүү тууралуу Меморандумга РФ менен КЭРге катарлаш эле Афганистан, Беларусь, Монголия, Индия, Казакстан, Тажикстан, Түркия жана Шри-Ланка кол койгон.
- 2015-жылы келерки беш жылга аймактык экономикалык кызматташтык программасын иштеп чыгууну баштоо чечими кабыл алынды. Кооперацияны өнүктүрүү 10 багытта жүргүзүлөт, алардын алкагында жалпы баасы $100 млрд. түзгөн 100гө жакын долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылган. Башкы багыт транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү аталган.
ШКУ өлкөлөрү коопсуздук чөйрөсүндө кандай кызматташат?
- ШКУ аскердик блок болуп саналбайт, бирок уюмдун өлкөлөрү коопсуздук жана террорчулук менен күрөшүү маселелерин талкуулашат. 2002-жылдан тартып коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуунун алкагында ШКУнун мүчө – өлкөлөрү такай биргелешкен антитеррордук машыгууларды (эки тараптуу жана көп тараптуу негизде) өткөрүп келишет. Алардын эң ириси 2003-жылы өткөрүлгөн “Тынчтык миссиясы” болуп саналат, андан кийин 2016-жылы сентябрда Кыргызстанда өткөрүлгөн.
- 2004-жылы ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташтык тууралуу протоколго кол коюлган. Документте ШКУ өлкөлөрүнүн негизги эл аралык көйгөйлөр боюнча жалпы максатын иштеп чыгуу үчүн ар кайсы деңгээлдерде консултацияларды өткөрүү зарылдыгы белгиленген. Алардын бири катары Борбор Азиядагы коопсуздук, Азия-Тынч океан аймагында жамааттык коопсуздуктун натыйжалуу системасын түзүү, эл аралык террорчулук, экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз курал сатуу жана маңзат соодасы менен күрөшүү белгиленген.
- 2006-жылы уюм эл аралык маңзат мафиясы менен күрөшүү планын жарыялаган, 2008-жылы Афганистандагы кырдаалды турукташтырууга катышуу пландаштырылган.
- 2009-жылы ШКУнун демилгеси менен Афганистан боюнча биринчи масштабдуу эл аралык конференция ЕБ, ОДК, НАТО жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн.
- 2011-жылы 15-июнда ШКУнун юбилейлик саммитинде мамлекет башчылар 2011-2016-жылдарга карата ШКУнун мүчө-мамлекеттери Антинаркотикалык стратегияны жана аны аткаруунун программасын бекитишкен. Ошондо ШКУ мамлекеттеринин аймагында биргелешкен антитеррордук иш чараларды өткөрүү тууралуу макулдашууга кол коюлган.
- 2012-жылы ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери 2013-2015-жылдары террорчулук, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүүдөгү программаны кабыл алышкан.
- 2013-жылы ШКУнун Бишкекте кол коюлган декларацияда уюмдун өлкөлөрү “маалыматтык-коммуникациялык технологияларды саясый, экономикалык жана коомдук коопсуздукту бузууга, террорчулук, экстремизм жана сепаратизм, ошондой эле маңзат соодасына, мыйзамсыз курал сатууга” каршы күрөшүү ниетин билдиришкен.