Воскресенье, 5 мая

“Ала-Тоо” аянтында жаңыланган желек желбиреди

0

Баш калаадагы борбодук “Ала-Тоо” аянтына жаңыланган туу илинди.

Республика мамлекеттик тууну расмий 2023-жылдын 26-декабрында өзгөрткөн. Желекте күндүн нурлары толкун сымал эмес түз тартылып, түндүккө дагы бир чамгарак кошулган.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жаңы желек кабыл алынган күндө да мурдагы тууга аяр мамиле сакталарын айткан.

Эске салсак, буга чейин мамлекет башчы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевди туунун бир катар элементтерин өзгөртүүнү суранганын айткан. Коомдо мамлекеттик туунун өзгөрүшү боюнча ар кыл пикирлер жаралып, бир катарлары каршы чыккан. Депутаттар сунушталган мыйзам долбоорун колдоп, акырында мамлекеттик туу өзгөргөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз