Воскресенье, 5 мая

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 276 ымыркай төрөлдү

0

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Алардын ичинен бирөө эгиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 143 – эркек, 133 – кыз. Эгиздер Ош облусунда жарык дүйнөгө келген. 15 эне кесарево жолу менен төрөгөн.

«Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө биринчи болуп төрөлгөндөр (00:00) – 3,520 кг салмактагы кыз, бою 49 см. Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлик практика борборунда — 4,050 кг салмактагы кыз, бою – 59 см. Чүй районунун Кемин ЖДПБДА – 3,015 кг салмактагы эркек бала, бою – 51 см. Жалал-Абад бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө – 3,650 кг салмактагы кыз, бою – 52 см», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп төрөт Ош шаарында жана Ош облусунда болгон – 88 төрөт, Жалал — Абад облусунда 57 ымыркай жарык дүйнөгө келген, Бишкекте 52 ымыркай төрөлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз