Дарыга туруштук берген бактериялар менен күрөшө ала турган антибиотиктин жаңы түрү табылды.
Илимпоздор, себепкер болгон өлүмгө алып келүүчү инфекциялар менен белгилүү жана антибиотиктерге туруштук берген оору козгогучтардын катарына кирген «Acinetobacter baumannii» бактериясын жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ антибиотиктин жаңы түрүн аныкташты.
CNN билдиргендей, изилдөөчүлөр «Zosurabalpin» деп аталган антибиотиктин «Acinetobacter baumannii» козгогон бактериялардын деңгээлин бир топ төмөндөткөнүн байкашты.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) маалыматына караганда, колдонулуп жаткан антибиотиктердин түрлөрүнө туруктуш берген «Acinetobacter baumannii» бактериялары, өпкө, заара чыгаруучу жолдор, кандагы олуттуу жана өлүмгө алып келүүчү инфекцияларды жаратат.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун «тез арада жаңы антибиотиктер талап кылынган бактериялар» тизмесинин башында турган бул штамм АКШда жыл сайын болжол менен 8500 инфекцияга жана 700 адамдын өлүмүнө себеп болууда.
Азия менен Жакынкы Чыгышта дагы кеңири таралган бактериялардын бул түрү дүйнө жүзү боюнча реанимация бөлүмдөрүндөгү инфекциялардын 20 пайызын пайда кылат.
Ооруканалар жана карылар үйлөрү сыяктуу медициналык шарттарда жаралган бактериялардын бул түрү инфекция жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон адамдарга, мисалы вентилятордогу же операциядан ачык жарааты бар адамдарга таасир этет.
Иликтөөнүн жыйынтыгы «Nature» журналына жарыяланды.