Бүгүн, 5-январда саат 05:15 чамасында Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) асылып турган абалда табылган. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев 2023-жылдын 15-декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.
2023-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан А.Абдылдаевге карата 2024-жылдын 15-январына чейин Бишкек шаарынын №1 тергөө абагында камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.
2023-жылдын 28-декабрында психиатр-дарыгеринин сунуштамасына ылайык, айыпталуучу А. Абдылдаев «Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация» деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген.
№31 мекемеге келгенден кийин, 2023-жылдын 29-декабрында айыпталуучу А.Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү ооруп, башы ооруп, кулагы шуулдап, ашказаны ооруп (тамактангандан кийин), тез-тез чарчап калганына арызданып, дарыгерлердин дарегине кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган: «Такталбаган психотикалык инсандык бузулуу (?). Коронардык жүрөк оорусу . Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору» жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана РПСБнын шартында психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.
2024-жылдын 5-январында саат 04:52 чамасында айыпталуучу А.Абдылдаев ЖАКтын дарылоо мекемесинин ашканасына кирип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин (болжол менен саат 05:15те) асылган абалда табылган.
Сөөктү алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул факт АМСнын МЭАЖге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.