Кыргызстандан чыккан доллардын көлөмү кирген доллардын көлөмүн басып өттү. Мындай жыйынтык акча которуулар боюнча эл аралык системанын маалыматын талдоодон улам келип чыккан.
Өткөн жылдын үч кварталынын ичинде Кыргызстанга 308,4 миллион доллар жөнөтүлгөн болсо, өлкөдөн сыртка которулган сумма 342,1 миллион долларды түздү.
Бирок III кварталда абал өзгөргөн: өлкөгө сырттан 114,1 миллион доллар кирген. Ал эми өлкөдөн 101,3 миллион доллар жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга сырттан которулган рубль менен евронун көлөмү доллардан кыйла көп болгон. Ал эми акча которуулардын жалпы көрсөткүчүн карай турган болсок, өлкөдөн чыккан акчага караганда кирген каражат басымдуулук кылат.