Эфиопиянын Тиграй аймагында 2023-жылдын сентябрынан бери тамак — аштын жетишсиздигинен 860тан ашуун адам каза болду. Тиграй байланыш бюросунун башчысы Редай Халефом аймактагы азык-түлүк кризисине көңүл буруп, 2023-жылдын сентябрынан бери ачкачылыктан 860тан ашуун кишинин каза болгонун жарыялады.
Аймактагы кризистин медиада чагылдырылгандан да начар экенине көңүл бурган Халефом, Тиграй аймагындагы гуманитардык абалга байланыштуу: «Бул ачарчылык Тигрейдин тарыхындагы эң жаманы болушу мүмкүн», — деди.
Халефом Тиграйда уланып жаткан азык — түлүк тартыштыгына каршы тез арада кадам ташталышы керектигин белгилеп, антпесе кризистин тереңдеши мүмкүн экенин эскертти.