Мексиканын Коахуила штатында кырсыкка учураган чакан учакта 4 киши каза болду.
Жарандык коргоо кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда Техас штатындагы Бронвнсвилл аэропортунан учуп чыккан N6074A номерлүү чакан учак Гвадалупе аэропортуна жакын жердеги бош жерге кулап түшкөн.
Кырсыкта араларында 2 бир тууган да болгон 4 киши каза болду. Каза болгондордун арасында Матаморос шаарынын мурдагы муниципалитет башчысынын да бар экендиги билдирилди.
Коахуила штатынын Башкы прокуратурасы жана Федералдык жарандык авиация кырсыктын себептерин иликтөөгө киришти.