Вторник, 26 ноября

Газадагы зулумду чагылдырган жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды (Фото)

0

Түркиянын Президентине караштуу Коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурулган жана Израилдин кол салуусунун айынан 7-октябрдан бери Газа тилкесинде болуп жаткан трагедияга көңүл бурдурууну максат кылган «Ок өтпөгөн кыялдар: Газа балдар сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү» жума күнү Стамбулда ачылды.
Стамбулдун Таксим аянтында президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган жана президенттик администрациянын Коммуникация башкармалыгынын директору Фахреттин Алтундун катышуусунда ачылган «Ок өтпөгөн кыялдар: Газадагы балдар сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүнө» балдардын эмгектери коюлду.

Көргөзмө 29-январга чейин ачык болот. Көргөзмөнүн максаты Израилдин кол салууларынан улам Газадагы согушка күбө болгон балдардын сезимдерин, травмаларын, азаптарын жана оор шарттарын көркөм өнөр аркылуу эл аралык коомчулукка жеткирүү жана көңүл бурдуруу болуп саналат.
Коммуникация башкармалыгынын директору Фахреттин Алтун, кагылышуулардын жана кыргындардын балдарга тийгизген таасирин көрсөтүүдө көргөзмөнүн маанисине токтолду: «Газалык балдардын жан-дүйнөлөрү жана жүрөктөрү менен туйган сезимдерин кичинекей манжалары менен кагаз бетине тарткан сүрөттөрүнөн турган бул көргөзмө, алардын башынан өткөргөн сезимдерин жана тажрыйбаларын ачык көрсөтүп турат».

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз