Понедельник, 25 ноября

АКШ 50 жылдан кийин айга ракета учурду

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук аэронавтика жана космостук башкармалыгы (НАСА) 50 жылдан кийин Айга кайтууда.

«Аполлон» миссияларынан кийин Айга жөнөтүлгөн АКШнын биринчи космостук аппараты болгон жаңы муундагы «Вулкан» ракетасы Флоридадагы Кейп космодромунан учурулду.

United Launch Alliance компаниясына таандык «Вулкан» ракетасы, АКШнын Айга кайтуусу үчүн чоң мааниге ээ. Анткени акыркы 50 жылдан бери биринчи жолу АКШнын космостук аппараты Айга конот.

Blue Origin компаниясы тарабынан моторлору күчтөндүрүлгөн 200 метрлик «Vulcan» ракетасы Перегрин аттуу ай унаасын алып жүрөт.

Перегрин да Айды кыдырган АКШнын биринчи роботтук унаасы болот.

Ракетанын учуруусу НАСА менен компаниянын ортосундагы 79,5 миллион долларлык келишимдин алкагындагы иш-аракеттердин биринчиси.

Алгач жумшак коно турган унаа, америкалык жеке менчик компаниянын Айга алгачкы экспедициясын ишке ашырат.

«Vulcan» ракетасы, иштебеген Atlas 5тин ордуна келет жана 2027-жылга чейин АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) учурууларынын 60 пайызын аткарат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз