Воскресенье, 24 ноября

НАСАнын космонавттары айга качан коноору айтылды

0

АКШнын Улуттук авиациялык жана косомостук агенттиги (НАСА) илимий излдөөлөрдү  жүргүзүү үчүн Айга космонавт жиберүүнү караган Артемида миссиясында  экипаждын  Айга конушу 2026-жылга кечеңдетилди.

НАСАдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта космостук унаа тууралуу коопсуздук тынчсыздануулары менен космонавттардын  кийимдери менен  конуучу унааларында да маселелердин бар экендиги белгиленди.

Билдирүүдө ушунун негизинде космонавттардын айга конушунун 2026 —  жылдын сентябрь айына кечеңдетилгендиги маалымдалды.

Билдирүүдө долбоордун күнүнүн өзгөрүшүнүн негизги себебинин «экипаждын коопсуздугу» экендиги жана командалардын бардык кыйынчылыктарды кылдаттык менен карап чыккандыгы айтылды.

НАСАнын төрагасы  Билл Нельсон: «Коопсуздук биздин башкы приоритетибиз»,- деди.

Нельсон белгилегендей, бул кечигүүлөр Артемида командаларына кыйынчылыктардан өтүү үчүн көбүрөөк убакыт берет.

Артемида миссиясынын алкагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Айга 4 астронавтты жөнөтүү пландалууда.

Ушул эле программанын алкагында АКШ Айда туруктуу база түзүүнү жана Айды Марска саякат үчүн аялдама катары колдонууну,  ал жерден баалуу металлдарды казууну караштырууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз