Четверг, 21 ноября

Тоолуу аймактарга кар жаайт

0

14-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлүүдө. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жерлерине кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5 градус, күндүз 10…15;

Таласта түнкүсүн -2…3, 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түн ичинде 0…5, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнү -3…2, күндүз 3…8 жылуу. Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын түнкү температурасы 0…2 жылуу, күндүз 6…8 жылуу болот.

Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12 суук, күндүз дагы -2…-7 суук болот.

Бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -15…-20 суук, күндүз -2…-7.

Бишкек шарында түнкүсүн жаан жаашы ыктымал, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Борбордо абанын түнкү температурасы 3…5 жылуу, күндүз 13… 15 жылуу болушу күтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз