Пятница, 22 ноября

Кыргызгидромет: Суук күчөйт

0

15-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир аймактарында катуу жаан-чачын болушу ыктымалдыгын, Чүй, Талас облустарына туман түшөрүн билдирди.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1, Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7 жана Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндуз -3…-8 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын түнкү температурасы 0…5, күндүз 3…8 градуска жетет.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абнын темпетратурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз