Германия НАТО менен Орусиянын ортосунда боло турган согушка даярданып жатат деген маалыматты Бундесвердин жашыруун документине таянып Bild басылмасы кабарлагандыгын Спутник басылмасы жазды.
Маалыматта кагылыш Германиянын Коргоо министрлигинин сценарийи менен 2025-жылдын соңунда башталары айтылган. Бундесвердин жашыруун документине ылайык НАТОнун кол башчысы 300 миң аскерди Чыгыш флангына жайгаштырууга буйрук берет. Анын ичинде Бундесвердин 30 миң жоокери болот. Тирешүү 2024-жылдын февралында Киев күчтөрүнүн позицияларына Орусиянын активдүү кириши менен башталып, ушул эле жылдын июнь айында украин армиясынын чегинүүсү менен аяктайт.
«Орусия менен Батыштын аракеттери кайда жана кайсы айда жүрөрүнө чейин так сүрөттөлүп, анын кульминациясы — НАТО жүздөгөн аскерлерди жиберери жана 2025-жылдын жай айларынын башында согуштан качууга мүмкүн болбой калары белгиленген», — деп айтылат макалада.