Украина Орусияга таандык узак аралыкка учуучу радар аныктоочу жана башкаруучу учакты жок кылганын жарыялады.
Украинанын Башкы штабынын төрагасы Валерий Залужный социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Украина Аба күчтөрүнүн орус аба күчтөрүнө каршы операция жүргүзгөнүн маалымдады.
Аба күчтөрүнүн Орусиянын «А-50» үлгүсүндөгү алыскы радар аныктоочу жана «ИЛ-22» типтеги командалык башкаруу учагын жок кылганын жарыялаган Залужный: «Азов деңизиндеги эң сонун пландалган жана аткарылган операция үчүн аба күчтөрүнө ыраазычылык билдиргим келет»,- айтты.
2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен Орусия-Украина согушу башталган.
Путин Киевди НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айткан.