2023-Азия Кубогунун Таиланд-Кыргызстан беттешинде калыстар бригадасын иорданиялык ФИФА калысы Адхам Мухаммад жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Адхам Мухаммедке каптал сызыктарда анын мекендештери — Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам беришет. Ким Хенг (Корея) резервдик арбитр болуп дайындалган.
VAR-системасында БАЭлик адистер Адел Али жана Хасан Мохамед иштешет.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Таиланддын футбол боюнча улуттук курама командаларынын старттык оюну 16-январда Катардагы «Абдулла бин Халифа» стадионунда өтөт.
Оюн жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат.
«Ак шумкарлар» ак түстөгү формада ойнойт.
Улуттук курамага күйөрмандык кылам дегендер үчүн Бишкектеги «Азия Молл» (3-кабат) жана «Дордой Плаза» (1-кабат) соода борборлорунда атайын фан-зоналар уюштурулат.