Кыргызгидромет борбору 16-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда -4…+1, Талас облусунда 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -2…+3, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Нарын облусунда -5…-10 градус болот.
Бишкекте абанын температурасы -5…-7 градус суук болушу күтүлөт.