Бишкекте эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин №2 төрөт үйүнөн көз жумду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева тастыктады.
Анын айтымында, келин кош бойлуулугунун 34-жумасында кан басымы көтөрүлүп шаардагы №2 төрөт үйүнө түшкөн.