Суббота, 11 мая

Тик учак кулап бир аскер каза болду, бирөөнүн абалы өтө оор

0

Бишкектин четиндеги Ми-8 аскердик тик учагынын кыйрашынан бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дагы 8 аскер кызматкери жабыркады. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө, бирөөнүн абалы өтө оор, үчөөнүн абалы оор. Алардын баары медициналык тез жардам ооруканасына жаткырылды.

Коргоо министрлигинин жана Куралдуу Күчтөрдүн Аскер-аба күчтөрүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз