Воскресенье, 28 апреля

Нарында 100гө жакын мал-жандыкты көчкү басып калды (Фото)

0

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжол менен 5 миң куб метрди түзгөн кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 баш бодо малды кар көчкү басып калган. Мындан сырткары, кыштоого каттоочу жолу да жабылган.

Жерине Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл өкмөттүн беш кызматкери, бир жүктөгүч, 1 ГАЗ-66 жана жергиликтүү тургундардан 75 адам тартылган.

Табигый кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз