Израиль бийлиги ХАМАСтын 7-октябрда аларга кол салуусун изилдеп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен кызматташпоосун суранды. Бул туурасында аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лиор Хаят: «Дарыгерлерден ХАМАСтын 7-октябрда кол салуусун изилдеп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү менен кызматташпоосун сурандык», — деди.
Хаят Израилдеги окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн БУУ комиссиясын үч «белгилүү антисемит» башкарып жатат деген билдирүү жасаган. Бул үч кишинин катарына Түштүк Африка Республикасынын өкүлү Наванетхем Пиллэйди кошкон. Ал БУУнун адам укуктары боюнча комиссарлык ишин 2008-2014-жылдары аткарып турган.
Хаят, мындан сырткары, комиссиянын иликтөө жүргүзүүдө так мөөнөтү белгиленбегендигине ичи чыкпаганын айткан.