Понедельник, 25 ноября

Автобустарда балдар үчүн мультфильмдер көрсөтүлөт

0

Эми Бишкекте автобус жана троллейбустарда орнотулган мониторлордо кыргыз тилинде даярдалган анимациялык мультфильмдер көрсөтүлө баштайт. Аталган маселе Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде өткөн жолугушууда талкууланды. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.

Жолугушууга президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров жана транспорт тармагынын өкүлдөрү катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз