Понедельник, 25 ноября

Түркиянын алгачкы астронавты космоско учту

0

Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн учкучу, астронавт Алпер Гезеравжыны кошкондо төрт кишиден турган экипаж Эл аралык космос станциясына SpaceX ракетасы менен кечинде учту. Экипаждын курамында NASAнын мурдагы астронавты, космоска алтынчы ирет учуп жаткан Михаэл Лопез-Алегри, италиялык аскердик учкуч, космоко экинчи жолу көтөрүлүп жаткан Уолтер Вилладеи, Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн учкучу, астронавт Алпер Гезеравжы жана Европанын космос агенттигинин астронавты, швециялык Маркус Вандт бар. Түркиялык жана швециялык астронавттар аалам мейкиндигине алгачкы жолу чыгып жатышат.

Түрк астронавты Түркия мамлекетинен космоско көтөрүлгөн алгачкы жаран болууда. Экипаждын космоско учуп чыгуусу түрк телеканалдары тарабынан түз көрсөтүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз