Кыргызстанда бардык ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген, ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталган 10 мал союучу жай бар. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган касапканалар эт азыктарын сыртка сата алат. Өлкөдө жалпысынан 101 касапкана Ветеринардык кызматтын реестрине катталган.