Вторник, 26 ноября

Украина Санкт-Петербург шаарына чабуул жасады

0

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Орусиянын Новатек энергетикалык компаниясынын мунай иштетүүчү заводунда жарылуу болду. Орус жергиликтүү басылмалары өрттүн себеби азырынча белгисиз экенин, бирок мунай иштетүүчү заводдун айланасында учкучсуз учуучу аппараттар көрүнгөнүн жазды.

Айрым чет өлкөлүк басылмалар, бул кол салууну Украина куралдуу күчтөрүнө караштуу учкучсуз учуучу аппараттар ишке ашырганын жазууда.

Эстония менен чек арадагы Усть-Луга портундагы Новатектин мунай иштетүүчү заводунда болгон жарылуудан кийин өрт чыкты.

Өрт чектөөгө алынганы, жабыркагандар жок экени айтылды.

Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко окуядан кийин коңгуроо кагылганын билдирди.

Өрт чыккан аймакта 3 эл аралык танкер бар экени жана бул танкерлердин өрттөн зыян тартпаганы билдирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз