Вторник, 30 июня

Азия Кубогу: Кыргызстан — Оман беттешинин убактысы белгилүү болду

0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагында Оманга каршы оюнда кызыл түстөгү формада ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстан — Оман беттеши бүгүн Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.

Бишкекте күйөрмандар үчүн атайын фан-зона уюштурулат.

Азия Кубогунун бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында «УТРК Спорт» каналында жеткиликтүү болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз