Кызыл-Кыя шаарындагы «Сапат» кыргыз-түрк лицейинде окуучунун сабалган окуясына байланыштуу мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулду. Бул тууралуу аталган лицейдин администрациясы кабарлады.
Буга чейин социалдык тармакта эркек киши окуучуга кол көтөрүп, уруп-согуп жаткан видео тараган. Анда окуя Кызыл-Кыя шаарындагы «Сапат» кыргыз-түрк лицейинде болгону жазылган. Облустук милиция аталган факт Бирдиктүү реестрге катталганын билдирип, териштирүү жүрүп жатканын кошумчалады. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы министрликтин өкүлдөрү тез арада ал жакка барарын билдирген.
Сапат мектептерине байланыштуу буга окшогон окуялар тез-тез болууда. Былтыр 9-июнда Бишкектин Ботаникалык багында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесине караштуу лицейлердин балдары мушташып, бычак жеген 16 жаштагы окуучу каза болгон. Ал эми 13-июнь күнү лицейдин 9-классынын бүтүрүүчүсү өз жанын кыйган. Мушташка “Сапат” билим берүү мекемесинин Кара-Балта жана Бишкек шаарындагы лицей окуучулары катышкан.
