Пятница, 18 октября

БУУ Казакстандагы камоолорду сындады

0

БУУ Казакстандагы массалык камоолорго тынчсызданууда. Мындай билдирүүнү кеңсе кечээ билдирди. Массалык камоолор тынч мүнөздөгү акциялар учурунда болуп, бир нече күндө Нур-Султанда, Алматыда жана Шымкентте миңден аз эмес адам кармалды. Адамдар  -Жомарт Токаев жеңишке жетишкен күнү – 10-июнда чыга башташкан. Демонстрация шайлоодон бир нече күндөн кийин өткөн инаугурацияга чейин да токтогон жок.

Касым-Жомарт Токаев,  Казакстандын президенти:

«Биздин жарандар өздөрүнүн конституциялык укугунан колдонуп, шайлоо участкаларына келишет жана биздин элдин жаркын келечеги үчүн добуш беришет».

Каршылык көрсөткөндөр добуштарды эсептөөдө мыйзам бузулгандыгын билдиришип, шайлоону таза өткөн жок деп таанууга чакырышкан. Күбөлөрдүн айтуусунда, Алматыда инаугурация күнү 200гө жакын адамды полиция кармап кеткендигин айтышууда. Кармоо алдында алар эч кандай талап коюшкан эмес. Ошондой эле күбөлөр митингге эч кандай тиешеси жок, жөн эле жолдон өтүп бараткан адамдар да бир нече ирет кармалганын билдиришүүдө.

Касым-Жомарт Токаев,  Казакстандын президенти:

«Мен кээ бир участкаларда мыйзам бузуулар болгондугун моюнга алам. Албетте, биз аларды текшеребиз. Эгер алардын баардыгы далилденсе, анда тиешелүү чаралар көрүлөт. Демонстарнттар боюнча – алар чындап эле каршылык көрсөтүп көчөгө чыгышкан. Азыр алардын талабын анализдөө боюнча анализ жүргүзүлүүдө. Негизинен бул социалдык мүнөздөгү талаптар. Мен бул көйгөйлөр бар экендигин танбаймын”.

Массалык камоолорго Human Rights Watch да тынчсызданууда, ал эми ОБСЕнин миссиясынын байкоочулары өлкөдөгү президенттик шайлоонун жыйынытыгына баа берип, добуш берүүдө ачык эле мыйзам бузулгандыгын билдиришти.  

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз