Пятница, 3 мая

Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Тажикстанга чогулушту

0

Бүгүн, 15-июнда Дүйшөмбүдө Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары жыйынынын V саммити өтүүдө.

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары жыйыны.

13 мамлекеттин башчылары жана өкмөт жетекчилери Тажикстандын борборуна аймактагы кызматташтыкты кеңейтүү жана ишенимди чыңдоо темасын талкуулоо үчүн жолугушууда.

Ишемби, 15-июнда башталган Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары жыйынында мамлекет жана өкмөт башчылар: Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган,  Россиянын президенти Владимир Путин, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин, Ирандын президенти Хасан Рухани, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов,  Бангладештин президенти Абдул Хамид, Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисена, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Афганистандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулла катышууда.

Мындан тышкары, саммитке Бахрейн, Вьетнам, Египет, Израиль, Индия, Иордания, Ирак, Катар, Камбоджа, Түштүк Корея, Монголия, БАЭ, Пакистан, Палестина, Таиланд, Беларусь, Индонезия, АКШ, Филиппин, Малайзия, Украина жана Япония өлкөлөрүнүн делегациялары да чакырылган.

Ошондой эле талкууларга БУУ, ОБСЕ, ШКУ, КМШ жана Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) делегациялары катышып жатышат.

Саммиттин жүрүшүндө Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин, КЭРдин төрагасы  Си Цзиньпин жана Ирандын президенти Хасан Рухани менен жолугушуулары күтүлүүдө.

Саммит төрт жылда бир ирет өткөрүлөт жана анын темасы – «Азия аймагын (СВМД) коопсуз жана өнүккөн аймак катары жалпы кароо».

Саммиттин жыйынтыгында   декларация кабыл алынат.

Эксперттер АКШнын азиялык өлкөлөргө санкция киргизүүсүнүн кеңейип жаткандыгына байланыштуу бул саммиттин өтө маанилүүлүгүн белгилешүүдө.  

Ыраакы Чыгыш федеральдык университетинин Россия-азиялык кызматташтык боюнча адиси  Артем Лукин Дүйшөмбүдөгү бул иш чараны «евразиялык кыймылдын кезектеги манифести» деп атады.

Анын айтуусунда, евразиялык кыймылдын локомотиви курамына сегиз лк кирген Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) болуп саналат.

«СВМДА – ШКУга караганда бир топ кеңири платформа жана 27 өлкөнүн өкүлдөрүнүн чечими бир топ масштабдуу жана маанилүү», – деди  эксперт.

Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңеши — континенттеги мамлекеттерди бириктирген эл аралык форум. Кеңештин саммити бул ирет бешинчи жолу уюштурулууда. Анын максаты чөлкөмдөгү туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоо үчүн өлкөлөрдүн өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталган.

Кеңешке Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Түркия жана Египет баштаган 27 мамлекет кирет.

Дүйшөмбүдөгү быйылкы саммит «Коопсуз жана гүлдөгөн чөлкөм» деген темада болот. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз